www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көздү ачып-жумганча эле кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү коомдук-саясий ишмер агабыз Бекболот Талгарбеков 65 жаштын кырына чыгып калыптыр. Элге эмгеги сиңген, улутубуздун сыймыгы болгон агабыз тууралуу коомчулуктун пикирлерин тартуу кылабыз...

- Бекболот Талгарбеков даанышман, көрөгөч, патриот инсан. Бул инсанды ар дайым саясаттагы, коомдук турмуштагы устатым катары атап келем. Анткени, менин саясатчы катары да, мамлекеттик ишмер катары да калыптанышыма Бекболот байке чоң салым кошту. Адилеттүүлүк үчүн муну мен баса белгилеп айтып коюушум керек... Кыргыз эли Бекболот байкени биринчи кезекте мыкты ойчул, реформатор катары билишет. Учурунда анын баштаган иштерине сын айткан, жада калса маскаралап, жамандагандар көп болгон. Бирок, убакыттын өтүшү менен Талгарбековдун реформасы эң туура болгондугу далилин табууда. Дыйкан-фермерлер өзгөчө бул кишинин эмгегине оң жагынан баа берип келе жатышат. Мен саясатта Бекболот Талгарбековдой чынчыл, адилет, өжөр адамды көргөн эмесмин. Аңгыча анын Атамбаевдин дарегине багыштаган абдан катуу сөздөрүнө бүт улут таң калды го. Себеби, Атамбаев бизди баш кылып, баарын катарынан камап жаткан кезде тайманбастан туруп анык жүзүн ачып, “Атамбаев – миң жылда бир келген кырсык” деген диагнозду коюп, моралдык жактан таш-талканын чыгарды. Эл Талгарбековду колдоп турган менен, ал кезде бийлик күчтүүлүк кылып, акыйкаттын жарчысы болгон агабызды темир тордун артында тыкты. Бирок, аныгын айтканда, камаган менен кайратын ала алган жок, сындыры албады! Кыргызга ушундай мекенчил адамдар керек! Андыктан, 65 жашка келгенине карабастан, агабыздын элге кыла турган кызматы алдыда. Маараке кут болсун, Бекболот байке!

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости