www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев: «Чек ара боюнча жыйынтык жакында чыгат»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстандын коңшулар менен чек араны тактоо боюнча жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ал маалымат жыйын учурунда айтты.

«Мамлекеттик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр оңой эле өтө бербейт. Мисалы, өзбекстандык кесиптештерибиз менен соңку талкуубуздан кийинки протоколго түнкү саат үчтө гана кол койдук. Сүйлөшүү канчалык оор болгонун түшүнүп жатасыздар да?!», - дейт ал.

Ташиевдин айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны тактоо ишинин принциптерин, демаркацияны өз-өзүнчө эмес, чогуу өткөрүүнү макулдашышты. Эки өлкө ортосунда азыр тактала элек тогуз тилке бар. Алар чоң жана эң көйгөйлүү.

Ошондой эле ал Кыргызстан төрт өлкө – Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. УКМК башчысы казак жана кытай тарап менен маселе жоктугун, Өзбекстан жана Тажикстан менен тактоо уланып жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик чек ара кызматы быйыл ноябрь айында УКМКнын карамагына өткөрүлүп берилген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости