www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Имарат кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Иштөө шарттары да талапка жооп берет.
Чекисттер үчүн курулган жаңы имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ал анда сөз сүйлөп, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, ал учурда мыйзамдын сакталышы, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу тууралуу айтты.
Алдыда дагы Атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылары белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости