www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчылыктан ишкерликке багыт алган Нияз Абдыразаков өзүнүн Instagram баракчасына учурдагы жашыруун бизнестин сырын ачып, коомчулукка Кайрылуу жасады.

-Ассалому алейкум достор, азыр өзүңүздөр билгендей Instagram, интернеттерде “ушул ссылканы бөлүшсөңүз, капчыгыңызга 50 сом түшөт” деген маалымат көбөйүп жатат. Келгиле, өзүбүз үчүн эмес, кайрымдуулук жолуна иштетсек сооп иш кылган болот белек. Өзүбүздүн капчыгыбызга 2000-3000 сом топтобостон, Аруузаттын ссылкасын бөлүшсөк сонун болмок беле?- деген жеке оюм. Бул нерсени туура жана пайда жагына коротсок, колдоп койсоңуздар деген үмүттөмүн – дейт Нияз Абдразаков.

Нияз Абдразаковдун бул Кайрылуусу коомчулукту ойлондура турган чакырык. Анткени, кичинекей Аруузат сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан. Ага «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген кымбат баалуу дары керек. Даарынын баасы — 2 382 200 долларды чапчыйт.

Оорудан улам Аруузат кыймылдоо, жутуу, дем алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганы турат. «Золгенсма» даарысын экиге чыккандан кийин деле алса болот. Бирок баланын салмагы 13 килограммдан ашпоосу керек. Аруузаттын салмагы азыр 11 килограмм.

Нияз Абдыразаков сунуштаган ой-пикирин коомчулукту колдоого чакырабыз! Аруузатка төмөнкү эсептерге каалаган сумманы которо аласыз:

Эске сала кетсек, Нияз Абдыразаков 30дан ашуун мамлекетте ырлары хит болгон Ильяз Абдыразаковдун бир тууганы. Эки бир туугандын коомчулукта орду бар, салмактуу ырчылардын катарын толуктайт.

Нияз Абдыразаков ушул тапта “эки чылбыр, бир тизгинди” кармап, ырчылык жана ишкерлик менен алектенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости