www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен, Жогорку Кеңештин имаратына 9 жылдан кийин азыр кирдим. Мындай пикирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгына сунушталып жаткан Камчыбек Ташиев айтты. 

Ал Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин сунуштарын угуп жатып билдирди. 

--"Урматтуу депутаттар, саламатсыздарбы? Мен абдан сүрдөп жатам. Себеби, Жогорку Кеңештин имаратына 9 жылдан бери кире элек экенмин. Азыр сүрдөп, ыңгайсыз болуп жатам. Ал эми коррупция боюнча айтсам, Садыр Нургожоевичке чейинки ким мамлекетке зыян келтирген болсо сөзсүз мыйзам алдына жооп берет. Жакындыгына, достугуна, бир тууганга карабай жоопко тартылат. Мен азыр дагы айтып койоюн, бул тармакта күрөштү улантам", - деди Ташиев. 

Кошумчалай кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралууда.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости