www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Камчыбек Кыдыршаевич, өлкөбүздөгү бир топ эксперттер, саясатчылар 10-октябрдагы парламент жыйынында кворум болгондугунан шек санап жатышат. Айрыкча, депутаттар Канатбек Исаев менен Аида Касымалиева өзгөчө активдешип, Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитүүдө мыйзам бузулганын айтышууда. Бул адамдардын айтканына канчалык чындык бар?

– Элге бурмаланган, жалган, атайын провокация жыттанган маалымат таркатып жатышат. Садыр Жапаровду бекитүүдө мыйзамдын бир да тамгасы бузулган жок. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворумду камсыз кылуу, документтердин мыйзамдуу болушунун үстүндө мыйзам чыгаруу бутагынын бүтүндөй аппараты иштеген. Алар ар бир депутаттын катышып олтурганын тастыктап бүткөндөн кийин, жыйын ишин баштаган. А азыркы учурда ЖК жыйынында кворум жоктугун айтып чыккан адамдардын башкы максаты – өлкөнү кайрадан башаламандыкка алып келүү окшойт. Мисалы, Канат Исаев ЖК жыйынында кворум бар-жоктугун өзү катышпаган соң кайдан билет? Өлкөдө абал курчуп, баарын мыйзам талаасына кайтарууга аракет кылып жүргөн маалыбызда К.Исаев өзү каякта жүрдү эле? Депутаттык милдетин аткарып, кетеринде жок дегенде элге бир жакшы иш кылып кеткендин ордуна минтип, тескери аракет жасаганга өттү. Стабилдүүлүк араң орноп келе жатат, а эгерде аны буза турган болушса, К.Исаев жеке керт башы менен жооп берет! Аида Касымалиева үчүн да элдин тынчтыгы керек эмес! Болбосо, эмне үчүн парламент жыйынына келип туруп, катышпай, качып кетти?! Мына буга чейин ал биринчи вице-спикер экендигин жарыялаган, андай кызмат Жогорку Кеңештин регламентинде жок. Бүгүн болсо “спикердик кызмат мага өттү”- деп жар салды. Деги бул аялдын акыл-эси ордундабы?

-Булардын максаты эмнеде?

– Мен так кесе айтып коюшум керек – азыркы Садыр Жапаровго каршы аракеттин баарынын артында билинбеген чоң провокация жатат. Элдин тандоосу – Садыр экендигин билип турушат. Бирок, жаңы премьерди буттан чаап жыгытуу керек буларга. Ичтери арам, өздөрүнө бул кызмат жетпей калганына куйкалары курушууда. Контрреволюцияны күтүштү эле, ал да ишке ашпай калды! Мен эскертүү катары айтайын, эгерде К.Исаев, А.Касымалиев жана башкалар арам оюндарын токтотпосо, ачыгын айтканда, кыжырданып турган элдин алдында жеке керт башы менен жооп беришет!

Маектешкен: “Регион” телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов.

Последние новости