www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев шайлоого баруу менен гана өзүн сактай алат

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аз убакытта резонанстуу иштерди ачып, коррупционер-кылмышкерлерди камап, мамлекетке каражаттарын төктүрүү менен рейтингин көтөрүп алса болот. Азырынча парламенттик шайлоо май айында өтөөрү болжонууда. Мындай шартта ал партиясына таза, кесипкөй адамдарды чогултса, эң көп добуш алууга үлгүрөт. (Капчыгы да калыңдады).

Ушул жүрүшүндө жаңылай кете берсе, аламанда жеңишке жетишип, Жогорку Кеңешке спикер болууга мүмкүнчүлүгү бар. А эгерде УКМКнын төрагасы катары кызматын улантууну кааласа, анда устаты айткандай, бир иштен болбосо экинчисинен күйүп кетиши ажеп эмес. Күндөн-күнгө душмандары көбөйүүдө. Камалгандар кайрадан эркиндикке чыгып жатышат. Ар кандай ушак кептер уланууда, акыры беделине доо кетчүдөй. Кокус Өкмөт башчылыкка дайындалып калса, анда жарыш жылда элге жаман көрүнүп, карьерасына чекит коюшу ыктымал.

Азыр министрлер кабинетин ким тейлесе да ачылыш жасай албайт. Эңшерилген экономиканы көтөрүү татаал. Андыктан, Камчыбек Ташиев шашгоого баруу менен гана өзүн сактайт го...

Булак: Азия News гезити

Последние новости