www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Камчыбек Ташиев, КР Президенти Сооронбай Жээнбековго чукул кайрылуу жасап, Тажикстандын Согдий облусунун ИИМдин бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Абдулло Навжувоновдун, “Эгер тарыхты карап чыкса, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес”, деген сөзүнө каяша айтты.

"Айта берип тил тешилди" демекчи, бийлик ээлерине чек ара маселесин чечүүдө чечкиндүүлүккө, айкындуулукка жана жергиликтүү элдин талабын эске алып сүйлөшүүнү жүргүзүү керек экендигин көптөн көп кайрылып, суранып келдик. Мына эми, Тажикстандын атайын бийлик өкүлү биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирген сөздөрдү официалдуу жыйында билдирүү жасап олтурат. Бул жорукту шылдың катары кабыл алып жана тиешелүү жоопту каттуу беришибиз керек. Жерге-Тал, Мургаб  жана Кыргызстандын айылдарын, жер аянттарын кайтарып алуу боюнча иш-аракеттерди баштап, Тажикстандын элчисин кайтарып жөнөтүп, бардык байланыштарды (саясий-экономикалык, достук) токтотуу зарыл.

Урматтуу Президент, менин сунуштарымды эске алып, чечкиндүү кадамдарды таштаңыз, кашык каныбыз калганча мамлекетибиз үчүн туруп беребиз! Элибиз мындан да опурталдуу кыйынчылыктарга чыдаган, бирок мамлекетибиздин бүтүндүгүнө сырттан шек келтирүүгө жол бербей келген, Кыргызстаныбызды шылдыңдаганы үчүн жооп берсин! - деди Кайрылуусунда Камчыбек Ташиев.

Эске сала кетсек, Тажикстандын Согдий облусунун ИИМдин бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Абдулло Навжувонов кызматка дайындалгандан кийин, 12-февралда биринчи пресс-конференциясында Согдий облусунун укук коргоочулары үчүн Кыргызстан менен чектешкен чек ара маселеси терроризм жана экстремизм менен катар эле негизги көйгөй болуп саналарын айтып, “Бул көйгөйдү биздин бабаларыбыз мурас катары калтырды. Эгер тарыхты карап чыкса, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес. Менин бабаларым кыргыздарды алып келип, аларга жер берген. Ал эми, бүгүнкү күндө бул, биз үчүн көйгөй жаратууда”, - деп айткан.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости