www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК курамынан АКС жоюлуп, төрага Камчыбек Ташиевдин маанайы түшүп, колундагы “рычагын” алдырып жибергенине капа болгонун укканбыз. Көп өтпөй Европага дарыланганы кетип, орто жерден бийликтеги интригандарга да жакпай калыптыр.
“Эл катары Кыргызстандан эле дарыланбайбы? Акчаны басып, чет өлкөлөп саякаттай береби? Ушунуку эле жыргал!” дегендер ачык айта алышпаса да өз ара күмпүңдөшүп, күйгүлтүккө түшкөндөрү жашыруун эмес.
Анан калса, дагы бир бүйүр кызыткан кепти ортого салалы. “Көлдүктөрдүн аксакалдар кеңешине” Ташиев кокого сайылган кылкандай сезилип, “саясый жаназасы” окулары алдыртан айтыла баштаганы эмнеси? Айтор, колу-буту тушалган Камчыке деле көпкө узабай, бийлик короосунан сүрүлөрү жакындап калган сыягындай...
Эң олуттуу жагдай, Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматтары Кыргызстандан уурдап кетишкени эки достун ортосуна чоң суроо жаратууда. Купуя сыр бир күнү ачыкталабы? Бул жоболоңдуу ишти президент билбей калганбы?..
Булак: Азия News гезити