www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азия мамлекеттери жалпы эле эл аралык коомчулук менен иш алып баруусу керек деген оюн Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат айтты. 

--"Албетте, жалпы коркунучка каршы туруу үчүн Борбор Азия мамлекеттери кызматташуусу керек. Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын Ооганстан менен чектеш аймактарында биргелешип иштешүү, ошондой эле жалгыз Орусия эмес, Европа Биримдиги, АКШ, Түштүк Азия, жалпы эле эл аралык коомчулук менен иш алып баруусу керек.

Ошону менен катар аймактагы мамлекеттер укук коргоо органдарынын, аскер тармагынын ишиндеги ачыктыкты камсыздоого, коррупцияны жоюуга умтулса, алардын үстүнөн болгон атуулдук коомдук көзөмөлү күчтүү болсо, демократия күч алса өздөрүнө жакшы болмок. Анткени саясий плюрализм бар мамлекеттин сырткы коркунучка каршы турууга жол табуу мүмкүнчүлүгү да кеңири болот", - дейт ал. 

Кошумчалай кетсек, Ооганстандын бир канча райондорун "Талибан" кыймылы басып алган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости