www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңеште Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкууланып жатат. Жыйынга мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев жана депутаттык комиссиянын корутундусунда аты аталган жетекчилер катышууда.
Камчыбек Жолдошбаев:- Кыргыз эли бары карап турат. Бул кредитке бийлик алганда ойлонуп алыш керек эле. Буларды шак эле камаганга болбойт 50 млрд сомду эмне үчүн кыргыз элинин уул-кыздары депуттар төлөшү керек. Элдин ырыскысын жегендер өлүп жоголсун. Эмне үчүн элдин акчасын кылтыйып олтурат. Ар ким өздөрү жасаганын мойну менен тартсын. Кытай Россияга окшоп карызын кечип койбойт. Мобулар төлөсүн. Аз жерден Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Аксай менен Арпаны Өмүрбек Бабанов менен Аскар Салымбековдун айынан алдыртып ие таштаганбыз, эми мындайга жол бербешибиз керек”, - деди депутат.
Ошентип, ЖК депутат өзү шайлаган өкмөткө өзү нараазы. Кызыктар алдыда.
Булак: NazarNews.kg