www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчы менен уруп. Көкпар оюнунда чыр чыкты

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Казакстандын көкпар курамаларынын финалында казакстандык спортчу кыргызстандык улакчыны камчы менен уруп, оюн 40 мүнөттөн ашык убакытка токтотулду.

Оюн бүгүн, 12-сентябрда Астанадагы «Казанат» ат майданында өтүүдө. Беттештин биринчи бөлүгүндө Кыргызстан 3:1 эсебинде алдыга чыкты.

Оюндагы биринчи салымды 2-мүнөттө Казакстан салып, эсеп 1:0 болду. 6-мүнөттө кыргызстандык улакчылар эсепти теңеп, 1:1 кылды. Андан кийин 9 жана 13-мүнөттө кыргызстандык көк бөрүчүлөр дагы эки салым салып, алдыга чыкты. Үчүнчү салымды Кубанчбек Султан уулу салгандан кийин аны №10 казакстандык улакчы Улан Байтөрөев камчы менен уруп кетти. Ошондон кийин оюн талаасы кымгуут боло түшүп, биринчи бөлүктүн аякташына 6-мүнөттөй калганда оюн токтотулду. 40 мүнөттөн ашык токтоп тургандан кийин оюн кайра жанданды.

Кубанычбек Султан уулуну камчы менен урган Улан Байтөрөевге сары айып кагаз көрсөтүлүп, 2-мүнөткө жаза мамыга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, оюндун жүрүшүндө калыс казакстандык оюнчулардын эреже бузууларын көз жаздымда калтырып жатты.

Беттештин биринчи бөлүгү 3:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Последние новости