www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көкпар оюнунда кыргыз курамасы Казакстанга жеңилди

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак курамаларынын көкпар боюнча финалдык оюнда казак курамасы жеңишке жетти. Эсеп 5:4, казактар жекеме-жеке учурунда улак таштоого жетишти.

Бул беттеш бир катар пикир келишпестиктер менен коштолду. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө Кубанычбек Султан уулу эсепти 3:1 кылып кыргызстандыктардын пайдасына жаңырткан.

Ошондон кийин дароо Казакстан курама командасынын оюнчусу Улан Байтөреев Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген. Ал буга эч кандай реакция кылбай, андан ары ат менен кетип калган. Бирок казак жигит аны кууп жетип, кайра камчы менен чапкан.

Последние новости