www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Видео кайрылуу социалдык тармактарда жарыяланды.

Кайрылуусунда Камчыбек Ташиев ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык жана байлык каалап, биримдикке жана өз ара түшүнүшүүгө чакырды. Ал ыйык күндөрдө кечиримдүүлүктүн жана тазаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Эгер мен ката кетирип, кимдир бирөөнү таарынтып алсам, кечирим сурайм. Ыйык Орозо айында ушак тараткандардын жана жалаа жапкандардын баарын Аллах үчүн кечирдим. Кийинки жолу чындыкка дал келбеген маалыматты тартышпайт деп үмүттөнөм. Кудайым аларга ыйман берсин. Баарыңыздарга майрамыңыздар менен", - деди Ташиев.

Ошондой эле, ар дайым мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иш алып барганын баса белгиледи.

 

Последние новости