www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдельмажид Теббун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Орозо айт майрамынын алдында Сизге чын дилимден чыккан жылуу каалоолорумду жолдоп, бекем ден соолук жана бакыт каалайм. Кыргыз элинин мындан ары да өнүгүп-өсүшүнө терең ишеним билдирем. Кудуреттүү Алла Тааладан бизге жана бүткүл мусулман үммөтүнө ырайым, мээрим жана береке берүүсүн тилейм.

Ушул улуу майрамда өлкөлөрүбүздүн ортосундагы боордоштук кызматташтыкты чыңдоого, элибиздин умтулууларын канааттандырууга жана коопсуздук, тынчтык жана туруктуулук шарттарында мусулман үммөтүнүн гүлдөп-өсүшүнө жана бакубаттуулугуна салым кошууга толук даяр экенимди дагы бир жолу ырастагым келет”, - деп айтылат телеграммада.

Последние новости