www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт жана Нооруз майрамдары менен куттуктады.
“Сизди мусулмандардын ыйык майрамы — Орозо айт жана бардык түрк элдерине орток болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул улуу майрамдар элдерибиздин боордоштук, кайрымдуулук жана боорукердик салттарын жаңылап, тынчтык менен бакубатчылыкты алып келсин. Жакшы ниеттериңиздер жана жасаган сооп иштериңиздер кабыл болуп, Жараткан баарыбызга ынтымак жана молчулук берсин.
Биздин ортобуздагы өз ара сый-урмат мындан ары да бекемделе берет деп ишенем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бекем ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине мындан аркы өсүп-өнүгүүнү жана бакубат жашоону каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.