www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Улуу Британияга болгон жумушчу сапарынын алкагында «Астон Вилла» футболдук клубунун жетекчилиги менен потенциалдуу кызматташтык боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармакта билдирди.
«Жолугушууда «Астон Вилла» клубунун адистеринин катышуусу менен Кыргызстандын машыктыруучулар курамын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, жаштар жана балдар футболун өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, кыргыз клубдарынын катышуусунда биргелешкен окуу-машыгуу жыйындарын жана жолдоштук беттештерди уюштуруу, ата мекендик адистердин клубдун академиясында стажировкадан өтүү маселелери талкууланды.
«Астон Вилла» бренди аркылуу Кыргызстандын маданиятын жана туризмин таанытуу боюнча биргелешкен долбоорлорго да көңүл бурулду. Камчыбек Ташиев «Астон Вилла» менен кызматташуу кыргыз футболунун эл аралык аренада өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктү ачарын белгиледи.
Тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы спорттук байланышты чыңдоого макулдашты», -деп айтылат билдирүүдө.