www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эр-Риядда Россия менен Американын делегацияларынын сүйлөшүүсү 12 сааттан кийин аяктады, деп билдирет «ТАСС» жана «РИА Новости» булактарга таянып.
Булактар биргелешкен билдирүү 25-мартта жарыяланарын такташты. Сүйлөшүүнүн темалары Кара деңиздеги кеме каттамдарынын коопсуздугу жана энергетикалык объекттерге ок атууну убактылуу токтотуу болду.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги дагы сүйлөшүүнүн аяктаганын тастыктады.
Россия делегациясына Эл аралык иштер боюнча федерация кеңеши комитетинин төрагасы Григорий Карасин жана Федералдык коопсуздук кызматынын директорунун кеңешчиси Сергей Беседа кирди. «Reuters>>> агенттигинин маалыматы боюнча, Америка тараптан Улуттук коопсуздук кеңешинин Европа жана Россия иштери боюнча мурдагы улук директору Эндрю Пик жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу кызматкери Майкл Антон катышты.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков буга чейин Москва менен Вашингтондун эксперттик топтору Эр-Рияддагы консультациялардын жыйынтыгы боюнча эч кандай документке кол койбой турганын билдирген.
23-мартта Эр-Риядда Киев менен Вашингтондун өкүлдөрү жолуккан.