www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күйүүчү майды Баткен облусу аркылуу Кыргызстанга мыйзамсыз алып келүү каналдарына дээрлик чекит коюлду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте айтты.
Ушул тапта Жогорку Кеңеште кезектеги жыйын өтүп, ага өкмөт мүчөлөрү катышууда.
"2021-жылдын апрель айындагы каргашалуу кагылышуудан кийин аткезчиликке ыңгайлуу Худжанд — Жаштык — Канибадам автожолунун боюнда жайгашкан 37 кайра жүктөө базасы, кампалар жана май куюучу жайлар толугу менен жабылган. Анын негизинде аткезчилик кескин кыскарды. Күйүүчү майдын мыйзамсыз кириши дээрлик токтоду", — деди Ташиев.
УКМК төрагасынын айтымында, аткезчилик менен алектенген адамдар Лейлек районундагы Арка, Жаштык, Достук айылдарында соода түйүндөрүн өзүнө таандык деп фиктивдүү документ жасатып, товарларын андан ары өткөрүп турушкан.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду «УКМКга далилсиз сын айтууда» деп айыптады.
Депутат Мадумаров отурган ордунан «далил менен сүйлө» деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды.
Булак: NazarNews.kg