www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Калп айткан менен болобу, кийинки кездери Камчыбек Ташиев башында турган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети диний экстремисттик уюмдар менен натыйжалуу күрөшүп жатат. Бул үчүн Камчыбек Ташиевдин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү колдоого арзыйт.
Анткени, өлкөдөгү диний кырдаал жыл санап оорлошуп баратат. Бул жагдай кийин кандайдыр бир деңгээлде өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратпай койбойт. Ошол үчүн экстремисттик багыттагы диний агымдарга бөгөт коюп, алдын-ала профилактикалык иштерди тынымсыз жүргүзүп тууру зарыл.
Андыктан УКМКнын диний экстремисттик уюмдар менен күрөшүп жаткан саясатын колдоп, кубаттап турушубуз милдет. Бул биздин жарандык парз. Ансыз өлкө коопсуздугун камсыздай албайбыз.
Себеби, сакалчандардын көбөйүп, диний ишенимдердин радикалдашып, фанатташып баратканы жакшы көрүнүш эмес. Мамлекеттин, элдин коопсуздугу үчүн кооптуу коңгуроо...
Ошол себептен, УКМК бул багытта тийешелүү деңгээлде иштерди алып барып жатканы маанилүү иш-чара болуп эсептелет.
Мына УКМК тарабынан Чүй облусунда жана Бишкек шаарында иш жүргүзүп келаткан «Йакын-Инкар» ДЭКнун мүчөлөрү кармалды. Тергөө-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кармалгандар диний экстремисттик уюмду түзүшүп, экстремисттик мүнөздөгү материалдардын негизинде тыюу салынган диний агымдын идеологиясын жайылтуу багытында активдүү иш алып барып келишкен.
УКМК тарабынан буга чейин дагы ондогон тыюу салынган диний агымдар аныкталып, алардын мүчөлөрү кармалып, аларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Деги эле мындай иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турушу кажет.
Арийне, УКМК өлкөнүн ички, сырткы коопсуздугун камсыз кылуу багытында жакшы иш алып барууда. Айталы, УКМКнын контрчалгындоо иштеринин алкагында Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүү каналына бөгөт коюлду. Атап айтканда, Кара-Суу районунун аймагындагы «Кум» чек ара тилкесинен мыйзамсыз өтүп жаткан жеринен Бангладештин 4 жараны, Өзбекстандын бир жараны кармалды.
Өзбек жараны 4 индусту биздин өлкөгө мыйзамсыз киргизүүгө жардам бергендиги белгилүү болду. Бангладештин жарандары Кыргызстанга кандай максатта кирүүгө аракет кылышкан? Аталган канал аркылуу учурда канча чет өлкө жарандары мамлекетибиздин аймагына киришкен? Аныктоочу, жооп табуучу суроолор…
Себеп дегенде, азыр биздин диний багыттагы агымдарга берилгендердин көпчүлүгү дал ушул Бангладеш, Пакистанга барып жатышканы маалым. Андыктан ал өлкөлөрдүн жарандары кандай максатта Кыргызстанга мыйзамсыз жашыруун кирип жатат, кооптуу көрүнүш. Мунун азыртадан тамырын кыркпаса, эртең өлкөгө коркунуч жаратышпайт деп кепилдик берүү мүмкүн эмес.
Андыктан, УКМКнын бул багыттагы иштерди күчөтүүсү зарыл. Азыр Бишкек баштаган ири шаарларда индус, лөлү тектүү жарандар толуп кетти. Алардын баары мыйзамдуу жүрүшөбү чоң суроону жаратат.
Демек, шектүүлөрдүн баарысы текшерүүгө алынып, кимде-ким мыйзамсыз жүрсө, дароо өз өлкөлөрүнө токтоосуз депортацияланышы керек. Бул биринчи кезекте өлкөбүздүн, элибиздин коопсуздук маселеси экенин эстен чыгарбообуз абзел.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg