www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков кийинки кезде Аскар Салымбековдун кадамын санап артынан түшүп жүргөн. Анткени, АКШ Конгрессине таянып Кыргызстанды курутуп жаткан бул маалымат борбору Кыргызстандагы баш көтөргөн адамдарды соруш керек деп тапшырма алгандай. Ушундай жемкорлордун айынан «Азаттык» маданият министрлигинин айыңынан жабылганы турат.

Ыдырыс Исаков толук бүтө элек ишти, Терентьевдин үйүн айтып турат. Ал үйдү салуу Аскар Салымбековдун планында бар экен. Үй салынат, турган жери тосулуп даярдалып жаткан учурда микрофонун алып Ыдырыс Исаков чыга калды. Ыдырыс Исаков чукуп берсе унчукпайт экен деп ойлоп турат.

1. Ыдырыс Исаков айтып жаткан жерден элдер көп өтпөйт.

2. Курулуш толук бүтө элек.

3. Бул жердин планы башкача.

4. Аскар Салымбеков ар бир ишти ойлонуп мыйзамдын чегинде жасайт.

“Ош” пансионатынын мурунку директору өзүнө менчиктештирип алган мүлктөр тууралуу сьемка тартып барган иликтөөчү эркин журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрүп, жаакка чаап, муштап кол салган. "Мүлктүн күйүтү катуу болот экен…", - деп Ыдырыс Исаков айткандай, бул зөөкүрдүн арты таза эмес экен. 
Ички иштер министрлиги бул акмакты мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартышы зарыл. Коомчулук бул маселеге кайдыгер карабайт, өзгөчө журналисттер. Демек, жоопкерчилик тартсын журналисттерге кол салганы үчүн... Мыйзам алдында жоопко тартылбаса, эртең ар ким журналистке кол көтөрүп ур-токмокко алган прецедент жаралат. Бул кооптуу көрүнүш. Журналисттин ишмердүүлүгү мыйзам менен корголгон. Журналистке кызматтык ишмердүүлүгү учурунда кол салган, же тоскоолдук жараткандар сөзсүз жооп бериши керек. 

Бул боюнча ИИМдин Басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева Ош шаарынын  Ак-Буура милиция бөлүмүнө бул кылмыш иши катталып, тергөө кызматы тарабынан териштирилип жатканын билдирди. Эми аягына чейин чыгарып, камалсын...

Ош медиа коомчулугу журналист Ыдырыс Исаковго кол салууга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. ММК өкүлдөрү Ош пансионатынын мурдагы директору Маматкарим Койчукуловду жоопкерчиликке тартууну жана бул маселени мамлекет башчынын жеке көзөмөлүнө алууну талап кылууда: "Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жумуш ордунда сабалышын журналисттерди каралоо үчүн жасалган кылмыштуу аракет жана сөз эркиндигине сокку деп эсептейбиз. Ошондуктан президент Садыр Жапаров бул кылмышты жеке көзөмөлүнө алышы керек жана кылмышка шектелген Ош пансионатынын мурдагы директору Маматкарим Койчукулов мыйзам чегинде жазасын алышы керек", - деп жазат журналисттер.

ЖМК өкүлдөрү журналист Исаковдун Оштогу пансионатында иликтөөсүндө мыйзам талаптары жана журналисттик этика сакталганын белгилешти Президентке «Идар Медиа», «Ынтымак», «Азия ТВ», «Т-Медиа», «Азаттык», «Регион ТВ», «Ош жаңырыгы» гезиттеринин 41 журналисти, ошондой эле, көз карандысыз журналисттер кайрылды. Эске салсак, 12-июнда Ыдырыс Исаков Фейсбуктагы баракчасына Ош пансионатынын мурдагы жетекчиси Маматкарим Койчукулов аны кантип ур-токмокко алганы тууралуу видеону жарыялаган.

Эркин журналист Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директоруна каршы Ош шаардык милициясына арыз жазган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя тууралуу билдирүү бүгүн, 12-июнда болжол менен саат 12:20лар чамасында түшкөн. Анда Асылбек аттуу жаран Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү эс алуу борборлорунун биринчи ызы-чуу болуп жаткандыгын кабарлаган. Жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, эркин журналист Ыдырыс Исаков менен Ош шаарынын тургуну, 1964-жылы туулган Маматкерим Койчукуловдун ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыккан.

Ы. Исаков өз көрсөтмөсүндө, жогорудагы дарек боюнча журналистик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Маматкерим Койчукулов “Сенин уруксатсыз видеого тартканга укугун барбы?” деп колу менен бетине чаап жибергендигин жана камерага асылып, камеранын микрофонун сындырып койгондугун билдирген. Ал эми, М. Койчукулов өз көрсөтмөсүндө, өзүн блогер катары тааныштырган Ыдырыс Исаков анын уруксатысыз видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпестик пайда болгондугун айткан. Азыркы учурда И. Исаковдун денесинен алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости