www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев Кыргыз Футбол Биримдигинин президенттик кызматынан кетип жатканын билдирди.

Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте КФУнун кезектеги конгресси өтүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровго өлкөдө футболду колдогону үчүн ыраазычылык билдирдирди.

"Мен мурда Кыргыз Футбол Биримдигинин президентти кызматына кайрадан шайланууну көздөп келгем, бирок арызымды кайтарып алдым. Мен өз милдетимди аткардым. Кетээрден мурун, мен Кыргыз Футбол Биримдигинин жетекчилигин футболду сүйгөн адам жетектеши керек деп айткым келет. Ар ким өзү сүйгөн ишин жасашы керек. Мен футболдо кала берем", - деди Ташиев конгресстин катышуучуларына кайрылуусунда.

Камчыбек Ташиев КФУнун президенти болуп 2024-жылдын 19-февралында кезексиз конгрессте шайланган.

Последние новости