www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агартуу министрлиги билдиргендей, Ийри-Суу айылындагы М. Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусунун өлүмү боюнча Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында мектептин директоруна катуу сөгүш берилген. Ал эми окуучунун класс жетекчисине жана социалдык педагогго катуу тартиптик чара көрүү сунушталган.

Учурда бул факт боюнча укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, мектептин мугалимдери менен жолугушуу өткөрүлүп, кесиптик этика, балдарды коргоо жана окуу процессиндеги коопсуздукту камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле тобокел тобундагы балдар менен иштөө механизмдери боюнча окутуулар уюштурулду

Белгилей кетсек, буга чейин мектептин тарбия завучуна "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Последние новости