www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 15-январында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Наристе-2026» Эл аралык футзал боюнча турнирине катышып, байгелүү орунду ээлеген УКМК кызматкерлерин куттуктады.
Белгилүү болгондой 3-январдан 10-январга чейин Бишкек шаарында «Наристе-2026» Эл аралык футзал боюнча турнири болуп өткөн. Аталган мелдеште көптөгөн өлкөлөрдүн командалары күч сынашып, анын ичинде мамлекеттик күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, спорт ышкыбоздору жана 35 жаштан жогорку футбол ардагерлери жогорку чеберчилигин көрсөтүшкөн. Мелдештин жыйынтыгында жети ар кандай категориядагы күчтүү командалар аныкталып, күч түзүмдөрүнүн ичинен КР УКМКнын курама командасы 1-орунду ээлеген.
Мындан улам, УКМК төрагасы футзал дүйнөсүндө гана эмес, ар кандай мамлекеттер арасында спорттук байланыштарды бекемдөө үчүн маанилүү платформага айланган «Наристе-2026» Эл аралык футзал боюнча турнирине катышып, байгени багындырган УКМК курама командасынын оюнчуларына жана алардын машыктыруучуларына сыйлыктарды тапшырды.
Ташиев кызматкерлерди ар дайым спорт менен жакын болууга чакырып, сергек жашоо образы спорттон башталаарын белгиледи. Ал эми спорттук турнирлер кызматкерлердин күчүнө-күч кошуп, алардын дараметин өстүрүүгө өбөлгө болоорун кошумчалап, кызматкерлерге ийгилик жана ден соолук каалады.