www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Кыяда адамды сүзүп кеткен айдоочу кылмыштын изи сууй электе видеокамералардын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-январь күнү саат 01:20 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБне шаардын Кулатов көчөсүндөгү, «Алтын-Ордо» ресторанынын бет маңдайында «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерге автоунаасын таштап, изин жашырып качып кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат 2026-жылдын 15-январь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн.
Текшерүү учурунда Кызыл-Кыя шаарынан өткөн Ош–Раззаков унаа жолунун 83-чакырымында, чыгыштан батышты көздөй бара жаткан күмүш түстөгү «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү автоунаа Кызыл-Кыя шаарынын 74 жаштагы тургунун сүзүп кеткендиги аныкталган. Алган жаракаттарынан улам жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.
Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында автоунаанын ээси аныкталып, шаар аймагына орнотулган видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын 1992-жылы туулган Ж.Б. аттуу тургуну кылмыштын изи сууй электе кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.