www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-октябрда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин абалы менен таанышты. Спорт мектебинин имараттары 1969-жылы курулуп, учурда оңдоп-түзөөгө муктаж. Андан сырткары, спортчулар көп болгондуктан, кошумча имарат курууга зарылчылык жогору экенин спорт мектебинин жамааты билдирди.

Камчыбек Ташиев спорт мектебинин бардык шарттары менен таанышып чыгып, тийиштүү жетекчилерге бул мекемени толугу менен оңдоп-түзөөнү жана боксчулар үчүн атайын спортзалын курууну, мектеп аймагын менен жашылдандырып, көрктөндүрүп, спортчулар үчүн зарыл болгон заманбап шарттарды тузүүнү милдеттендирди. Оңдоп-түзөө жана курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, келээрки жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылат.

Камчыбек Ташиев Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин жаш спортчулары менен баарлашып, аларды “Спорт менен талыкпай машыгууну жана Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиретип, Мекенди сүйүү жана ага берилгендик менен кызмат кылууга умтулуу зарылдыгын, жана аны үчүн керек болгон шарттарды мамлекет толугу менен түзуп берүүгө бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү жетээрин...” айтты. Жаш боксчулар менен бокс ойноп, дем күч берди.

Раатбек Санатбаев спорт мектебинде спорттун 5 түрү: эркин күрөш, грек-рим курөшү, кыздар күрөшү, бокс жана футбол боюнча машыгуулар өтөт. Учурда 1000 бала машыгат.

Последние новости