www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча жаңы, көп функционалдуу жана натыйжалуу мамлекеттик уюмду түзүү, калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – мамлекеттик мекеме) түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) мамлекеттик мекеме:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагында турат;

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат;

2) бул Жарлыкты ишке ашыруу мамлекеттик органдар үчүн бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы эки айлык мөөнөттө:

1) мамлекеттик мекеменин жобосун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитсин;

2) юстиция органдарында мамлекеттик мекемени каттоодон өткөрсүн;

3) бул Жарлыктан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;

4) мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү камсыз кылсын;

5) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:

1) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

2) бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

Последние новости