www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элин сагынган, ат арытып ,бөтөн элден келген этникалык кыргыздардын келечектеги тагдыры туңгуюкка кептелип турганы мекенчил боордошторубуздун көңүлүн кыйла айнытып койду. Теңиртоолуктар башында жакшы ниет менен тосуп алганда көөнүбүз агарган эле. Анан күн ысыганда же үйү, же малы жок “келгиндердин” бушайман болгону туурасында ар кандай кептер тарады. Ал тургай малын кайтартып алып беш миң сом акысын бербей койгон намыссыз адамдар бар экендиги боюнча сөздөр элди будуң-чаң кылды. Көрсө, телегейи тегиз делген аймак бизде калбай калыптыр да чиркин!
Ушундан улам кайра эле Нарындык байларга кайрылууга туура келип жатат. Омбу-домбу сүйлөгөнү менен эрдик кылуу жагынан жан адамды алдына салбаган Камчыбек Жолдошбаев деген депутат бар. Ошол киши кээде жүрөк туйлаткан демилгелерди көтөрүп жиберет. өткөндө он миллион акчаны ачылган эсепке котором деп биринчилерден болуп парламентти дүрбөткөн. Эгерде ошол акчаны которо элек болсоңуз Ооган тараптан келген бир туугандарга жумшасаңыз эң сонун болмок. Жок эле дегенде он үй-бүлөгө там салып берүүгө шарт түзүлмөк. Эгер биздин сунушка ниетиңиз бурулса Камчыке ишке батыл киришсеңиз болот. Эртең эле күз келип калат, демек курулуш иштерин тез арада кыймылга келтирүү кажет. Нарын тараптын тоо жагында бош жаткан жерлер миңдеген гектарды ээлейт. Кантип эле этникалык бир боорлорго жер табылбасын? Каражат бар болсо, илибой иштин майын чыгарууга болорун билебиз да?
Эмнеси болсо да сизге болгон ишеним тескери ой жаратпайт деп туралы. Негизи мындай иште сизде демилге жетишээрин жакшы билгендиктен сунушубузду ыроолоп жаткан кезибиз. Эгерде ушул сунуштун өтөлүнө чыга алсаңыз, этникалык кыргыздардын толтосунда сакталып, атыңыз тарыхта калмак. Антүүгө сизде толук мүмкүнчүлүк бар. Каражат да, мекенчил көкүрөк да сизде бар экенине шек саноого болбойт. Болгону каалоо ниети болсо эле иш ордунан козголмок. Мейли стадион, базар салгандар ошол “илдети” менен ооруй берсин. А бирок, сиздин андайлардан өзгөчөлүгүңүз элдик демилгеден четте калбаганыңыз деп ишенебиз. Кырдаалдын талабынан алыс кетпешиңизге бел байлайбыз, оң жоопту күтөбүз, Камчыке!
Булак: "Ачык сөз"