www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыкең билгени чын болсо эрте айтпайт беле...

Саясатчы Камчыбек Ташиев саясаттагы үзөңгүлөшү Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен 2-мартта өткөн митинг тууралуу буларды айтты: «Мен Садыр Жапаровду толук колдойм. Аны боштондукка чыгаруу үчүн колумдан келген бардык мыйзамдуу күч-аракетимди жумшап келе жатам.

Былтыр 19-декабрда Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингге да катышып, барып колдоп бергем. 2-мартта болгон митингде Садыр Жапаров деп коюшуп, акцияны башка күчтөр колдонуп кетип жатканын көрүп, билип туруп, мен колдогон жокмун». Ошондой болсо да, Камчыкең митинг башталган учурда барып, калыс кебин айтып, чагымчыларды билгени чын болсо ошолорду айтышы керек эле.

Митинг бүтүп, күч менен таратылып, камалганы камалган соң, минтип актануунун канчалык кажети бар эле? Чынында Камчыкең мурун мындай митингдерге «букадай» сүзө качырып кирип барчу эле. Кыязы, Ак үйдүн тосмосунан аттап, шымын айрытып, абакка жатып чыккан соң аста-секин болуп, абайлап калгандагы кербези го. Болбосо бул адам өзүн «Чыңгыз хан» сезчү эмес беле...,- деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости