www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын чалгын кызматынын телеграм-каналы Крымдагы Джанкой шаарындагы жардыруудан улам россиялык «Калибр» ракетасы жок кылынгандыгын билдирди.

Маалыматка караганда, бул окуя темир жол менен ташуу учурунда болгон.

Шаардын айрым тургундары темир жолго ок атуу болгонун айтышууда.

«Алдын ала маалыматтар боюнча жардыруудан кийинки сыныктар үйлөр менен дүкөндөргө зыян келтирген. Тилекке каршы 1 адам жаракат алды», - деп жазды Крымдын жетекчиси Сергей Аксенов.

Джанкой шаарында аскердик объекттер, темир жол түйүндөрү жайгашкан. Бул шаар Россиянын карамагына кирген Херсон облусунун аймагынан алыс эмес жерде турат. Ал аркылуу россиялык аскерлерди камсыздоочу жолдор өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости