www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камила Талиева («Ата-Журт», Кыргызстан) санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Талантбек Имановдон мындай ведомствону жетектөөгө моралдык жактан даярсызбы деп сурады.
Депутат Иманов мамлекеттик кызматта бир күн да иштебегенин айтты.
«Кантип коркпой бул кызматка бара жатасыз? Сиз бүтүндөй элдин жоопкерчилигин алып жатасыз. Сиз жаш экенсиз, мына 35 гана жашта. Сиз буга моралдык жактан даярсызбы?», - деди Талиева.
Т.Иманов чынында тынчсызданып жатканын айтты.
«Чынын айтсам, тынчсызданып жатып, акыркы күндөрү уктабай калдым. Мен жоопкерчилик чоң экенин билип жатам. Мен бүт жаштыгымды, билимимди кыргыз эли-жери үчүн жумшаганга бүт аракетимди жумшайм», - деди ал.
Депутат ал өзүн ушундай патриот сезсе, кыргыз тилин кордобой так сүйлөшү керектигин айтты.
«Жыйындын башынан бери байкап жатам, сиздин мамлекеттик тилди билүү деңгээлиңиз аксап жатат», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg