www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20 млрд долларга курула турган кыргыздын «Асман» шаарын эмне үчүн Тимур Файзиев же тажик Равшан Сабиров жетектеши керек? Тимур Файзиев Аскар Салымбеков менен «Бизнес боюнча Кыргызстандын курама командасын» жетектейт. Асманды караган «Асман» шаары классикалык күрөштүн борборуна айланчудай. Бул долбоорду башында президенттин кеңешчиси Равшан Сабиров алып баратып парламенттик шайлоого аттанган. 2021 жылдын 8- октябряында Мамлекеттик дирекция түзүлгөн. «Чү» дегенде эле атына тескери минген минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров  ноябрда жандай сүйгөн Абай Алымкуловду алып келет. Бул жигит квартирасына арендалык акы төлөбөй атагы чыккан. Жапаров бул тежикти иштете албай Салымбековдун Тимур Файзиевин январдын башында алып келет.  

Равшан Сабиров Би-Би-Сиге берген маегине караганда, аны кайрадан долбоордун координатору кылып дайындашкан. Ал жыйын өткөзгөн.  Равшан Сабировдун айтымында Файзиевди Кабмин жетекчиси  Акылбек Жапаров дайындаган. «Бул долбоорду ким жетектейт?» деген суроого, ал өзү координациялай турганын айтты, Файзиев эмне жумуш аткарат ким билет? Балким Жапаровго акча ташыгыч болуп иштер. 20 млрд долларлык «Асман» долбоорун ким жетектери белгисиз.

Бийликтин өзгөчө демдеринин бири коркуп-үркпөй эле кыскаруулар көбөйүп баратат. Арийне, 20 млрд долларга «Асман» шаарын курам деп талпынган Алмамбет Шыкмаматов Инвестиция боюнча министрлик ачтырып алды. Инвестиция керек, ал эми жакыр бюджетте турган Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө 20 млрд долларга шаардын кереги барбы? Инвестициялардын негизинде Нур-Султан шаары курулду. «Казга теңелем деп карганын буту сыныптыр» -дейт бизге салыштырмалуу «каз» сыяктуу Казакстан менен теңелишибиз керекпи? "Асман" шаарынын долбоорун Ысык-Көлдүн жээгинде ишке ашыруу үчүн башкаруучу компания түзүлүп жатат. Ал керектүү документтерди даярдайт жана канча каражат жумшаларын эсептеп чыгат. Бул тууралуу инвестиция министри Шыкмаматовдун орун басары Нурадил Баясов теңирчилердин тиреги болгон Tengrinews.kz менен болгон маегинде билдирди."Асман" шаарынын долбоорунун болжолдуу наркы $ 20 млрд. Анын айтымында, иштин активдүү фазасы акыркы эки айдан бери жүрүп жатат. Буга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан жер аныкталган. Аны инфраструктура жана энергия менен камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат. Баясов түзүлүп жаткан башкаруучу компания буга чейин дүйнөлүк архитекторлор, курулуш жана долбоорлоо менен алектенген компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты. Чиновниктин айтымында, маалымат Перс булуңундагы өлкөлөрдөн, Түштүк -Чыгыш Азиядан, Түркиядан жана казакстандык инвесторлорго жөнөтүлгөн. Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

«Буга чейин көптөгөн өлкөлөрдүн инвесторлору кызыгуусун билдиришкен. Азырынча олуттуу сүйлөшүүлөр боло элек. Бүгүнкү күндө ар бир инвестор белгилүү бир аймакты берүүгө даяр, ошондо алар шаарды курушу мүмкүн, бул жалпы түшүнүккө каршы келбейт, шаардын өзүнүн долбооруна каршы келбейт. Менин оюмча, эмдиги жылга чейин биринчи келишимдер болот жана долбоорлоонун акыркы стадияларына келдик деп айта алам», — деп кошумчалады Баясов. Белгилей кетсек, ошол эле Баясовдун айтымында, казак ишкерлери, Ысык-Көлдөгү кыймылсыз мүлккө активдүү инвестиция салып жатышат .

Эрксизден баш чайкайсың да. “Асман” шаарынын долбоорун жүзөгө ашыруу максатында жумушчу топ көчмө жыйын өткөрүп, көгүлтүр көлдүн жээгине барып келишти. Демилгечилердин айтымында, 700 миң калк жашай турган шаар курулуп, 200-300 миң киши иш менен камсыз болот экен. Долбоордун автору Руслан Акматалиевдин айтымында, шаар жомоктогудай эле болот.

Токио, Шанхай сыяктуу мегаполистер бул экологиялык “кыргыз кереметинин” чаңында калат окшобойбу! Мейли, романтик архитекторлорго, “бул шаар курулуп калса...” деп күмөнсүп жаткан президенттин кеңешчиси Равшан Сабировго деле “макул” дейли. Шаар 100 пайыз инвесторлордун эсебинен курулат окшойт. Себеби, алар сырттан инвестор издеп жатканын шардана айтты.

Шаар курулушу дүңүнөн 20 млрд. АКШ долларына бааланууда. Баш-аягы 20 жылда бүткөн Нур-Султан шаарына Казакстан 50 млрд. АКШ долларын жумшаган. Анын 40 пайызы жергиликтүү ишканалар, компанияларга таандык болсо, 40 пайызы республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган, банктардан алынган насыялар жана сырттан келген инвестиция 20 пайыздын тегерегинде гана болгон.

Демек, колунда кокон тыйыны жок туруп, “20 млрд. АКШ долларына шаар курам” деп желпингендердин жели чыгат окшойт... А биздей жакыр өлкөгө кайсы мамлекет каражат берет? Өзүбүздө жумушсуздук, экономикалык кризис, пандемия, ар тарабың “мамайдын көрү”! Анан кайдагы асмандан кыялданасың, эй кемчонтой кыргыз? Эл кыйналып жатса.

Ысык-Көлгө "Асман" шаары курулса, ошончо саркынды суу, бир миллион кишинин таштандысы каяка кетет? Нурсултан Назарбаев "Кыргызстанда 30 жылда эчтеке салынган жок" деп балп эткени бар. Анан биз намыстанып, "Асман" деген шаар салабыз деп чыктык окшойт. Туура эмес түшүнгөнүбүз аз келгенсип, "Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" болдук. Мугалим менен врачтын айлыгы 5000-7000 сом. Жакшы врач, мугалим четке кетип жатат. Мектептерибиз контейнерден. Каражат жок, бюджет тартыш. Тышкы карыз кокодон. Армиябыздын ыштаны жок. Шаарды кой, оңгулуктуу туалет сала албайбыз анан биз мындай мамилебиз менен керемет көлүбүздү сазга айлантабыз.

Ысык-Көлдү мүмкүн болушунча сактап калууга аракет кылышыбыз керек. "Асман" шаары курулса, ошончо саркынды суу, бир миллион кишинин таштандысы каяка кетет?! Бишкектин экологиясын талкалап, эми көлдүкүн талкалайлыбы?! Кудай берген жаратылыштан башка колубузда ырыстуу деле эчтекебиз жок.Жеп-ичип, талкалап, бүлүндүрүп, тоноп бүткөнбүз. Колубуздагыны сактап, андан ары өнүктурүп алалычы асмандын башын сүйлөбөй. Бийлик, тезинен реалдуулук менен байланыш министрин дайындагылачы, сураныч.

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде "Асман экологиялык таза шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланды Аталган жыйын мамлекет башчынын кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында долбоорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ катышкан.

Топтун курамына Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов (топтун жетекчиси), айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Ведомстволор аралык жумушчу топ жаңы шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө баа берет, ушул сыяктуу эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбаларын иликтейт. Ошондой эле пилоттук долбоордун концепциясы менен экологиялык критерийлерин иштеп чыгуу боюнча изилдөө багыттарынын тизмеси даярдалат.Аткарылган иштердин жыйынтыгында шаар куруунун долбоордук документтеринин толук пакети менен жыйынтыктоочу координациялык план министрлер кабинетине киргизилет.

"Асман экологиялык таза шаарын" 4 миң гектар жерге 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыктап куруу пландалган.

Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы экологиялык таза шаар куруу планын жарыялады. Ханзаада Мухаммед ибн Салман өзүнүн The Line деген аталыштагы жаңы проектисин жарыялап, шаар тургундары үчүн болуп көрбөгөндөй өзгөрүү тартууларын айткан. Ал кура турган шаар башка мегаполистерден айырмаланып, автомобилдерсиз жана чоң жолдорсуз келечектин супер конушу болот деп жарыялаган. Шаардагы мектептер, саламаттыкты сактоо мекемелери, эс алуу жайлары жана жашыл аянтчалар сыяктуу күндөлүк кызматтардын бардыгы беш мүнөттүк жөө аралыкта болот.

Сауд Аравиясына жаңы курула турган калаа жогорку экономиканын диверсификацияланышына жана келечектеги 380 миң жумушчу орундун түзүлүшүнө салым кошору белгиленди. Шаар 2030-жылга чейин өлкөнүн ИДПсына 48 миллиард доллар кошот деп күтүлүүдө.

Акыркы мезгилдерде ири шаарлар технологияны, машиналарды жана заводдорду биринчи орунга койду, элди эмес. Эң өнүккөн шаарларда адамдар жумушка жылдап кетишет. 2050-жылга чейин күнүмдүк саякат эки эсе көп убакытты алат. Көмүр кычкыл газынын чыгышы жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү бир миллиард адамды башка жакка көчүүгө мажбур кылат. Адамдардын 90 пайызы булганган аба менен дем алышат. Эмне үчүн биз жаратылышты өнүгүү үчүн курмандыкка чалуубуз керек?

Ханзаада журналисттерге билдиргендей, бул долбоорго 100 миллиарддан 500 миллиард долларга чейин сарпталышы күтүлүүдө. The Line компаниясына инвестиция тартуу үчүн NEOM падышалыктын Мамлекеттик Инвестициялык Фондусунун (PIF), ошондой эле жергиликтүү жана дүйнөлүк инвесторлордун колдоосу болот. Белгилей кетсек, NEOM футуристтик шаар куруу боюнча 500 миллиард долларлык биринчи ири долбоор. Бул Кызыл деңиздин жээгинде 262 500 чарчы чакырымдык жогорку технологиялык комплекс, бир нече зоналар, анын ичинде 2025-жылы бүткөрүү пландаштырылган өнөр жай жана логистикалык зоналар бар.

Ханзаада Мухаммед ибн Салман NEOM директорлор кеңешинин төрагасы болду. The Line калаасын карап көрсөк, узундугу 170 чакырым келген шаар калаанын табигый аймактарынын 95 пайызын сактап калууда. Унаа жок болот, көчөлөр болбойт жана көмүртек бөлүп чыгарбайт.

Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын жээни, ханзаада Фахд бин Турки бин-Абд Аль-Азиз өлүм жазасына тартылды. Аскер соту Йемендеги Сауд Арабия күчтөрүнүн мурдагы командири Фахдды чыккынчылыкка күнөөлүү деп тапкан. Бийлик ага өкмөткө каршы төңкөрүштү уюштурууга катышкан деген айып таккан. Эксперттер Сауд Арабиясынын ханзаадасынын камалышына Мухаммед бен Салмандын тиешеси бар деп белгилешет. Мындай жол менен ал камакка алынган адамдын үй-бүлөсүн мамлекеттик казынаны толтурууга милдеттендирет. Фахд 2020-жылы сентябрь айында уулу менен кошо камакка алынган. Бул Сауд падышасынын үй-бүлөсүнө байланыштуу биринчи чуулгандуу окуя эмес. Мураскер ханзаада Мухаммед 2017-жылы кырсыкка учурап, каза болгон ханзаада Мансур бин Мукриндин өлүмүнө дагы тиешеси бар деп болжолдонууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости