www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кан басымды дары-дармеги жок кантип түшүрүүгө болот?

Америкалык Mayo Clinic клиникасынын кызматкерлери дары-дармеги жок эле кан басымды төмөндөтүүнүн сырын айтып беришти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Ак халатчандар биринчиден ашыкча салмактан сактанып, аны көзөмөлдөп турууну сунушташат.

«Семиздик уйкуну качырат, мунун кесепетинен дагы адамдын кан басымы жогорулайт», - деп эскертүү берген адистер.

Ошондой эле, диета кармап, көбүнчө мөмө-жемиш, жашылча жана майлуулугу төмөн сүт азыктарын колдонуп, тамак-ашка тузду аз кошуу керектигин айтты.

Дарыгерлер спорт менен күн сайын жарым саат машыгып, жөө басып, сууда сүзүп, велосипед тээп, жумасына жок деген эки жолу оор нерселерди көтөрүү зарылчылыгын белгилеген.

Ошол эле маалда чылым, спирт ичимдиктеринен баш тартууну, кофени аз ичүүнү сунуш кылып, эң негизгиси стресстен алыс болуу керектигин кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости