www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды тилдеди.
Маалым болгондой, Текебаев курулуш ишинин кечеңдеп жатканына нааразы болгон.
"Балыкчы — Барскоон — Каракол унаа жолунун 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштери кечеңдеп жаткандыктан эртең мененки саат 07:00дө күтүүсүз барып текшерүүгө алдым", — деп жазды министр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.
Ал жумушчуларды ишти эрте баштоого чакырган.
"Кана ишти баштаганыңар? Бир дагы техника чыга элек. Жаңы турдуңарбы? Асфальтты алыңарга жараша сыйрыбайт белеңер! Баарын алып салып ыңгайсыздык жаратып жатасыңар. Иштегиле! Жумушту саат 6:00дө баштагыла", — деди министр.
Ал ошондой эле аталган унаа жолдун 71 чакырымынан 141,6 чакырымына чейин "Арек Строй" компаниясы куруп жатканын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg