www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлгө эс алууга барган жигиттин сабалып кайтыш болгону анык экени президент Садыр Жапаров окуяны өз көзөмөлүнө алган соң белгилүү болду десек жарашат. Аталган кылмыштуу окуяга шектелип төрт адам кармалды. Демек, кылмыш болгон.
Тилекке каршы, жергиликтүү милиция кызматкерлери кылмыш ишин болушунча жаап-жашыруу аракетин көргөн. Мына ушунун өзү кылмыш. Андыктан "сабалбай тилин жутуп алган" деп кылмыш ишти жабууну максат кылган тергөөчү баштаган тиешелүү милиция кызматкерлердин дагы мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралышы зарыл.
Эгер ур-токмоктон кайтыш болгон баланын агасы коомчулукка кайрылып, окуя тууралуу айтпаса, резонанс болбосо, кылмыш иши ошол бойдон жабылып калмак. Эми шектүүлөр менен бирге ошол ишке тиешеси бар милиция кызматкерлерине дагы чара көрүү керек. Негизги жумуштарын так, таза аткаруу үчүн сөссүз резонанс болуп, анан президент көзөмөлгө алышы керекпи?..
Деги эле Ички иштер министри Улан Ниязбеков президент кийлигишмейин көчүгүн көтөрүп иш кылбайбы? Бул эмне деген шалаакылык. Баарынан дагы ИИМдин эки жыл мурунку кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган эски видеону, сабалып кайтыш болгон баланын окуясына байланыштуу кармалышкан шектүүлөрдү кармаган видео материал катары таратып, коомчулуктун көзүн боёгон жалган пиарын эмне деп түшүнсө болот? Уят такыр жок тура. Бул эмне деген өз ишине жоопкерчиликсиз, кыянаттык мамиле?.. Министр ушул окуядан соң, намыс, абийир болсо, элден кечирим сурап, ишин тапшырып кете турган жерде эле...
Булак: NazarNews.kg