www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда келерки жылдын февраль айында өтө турган кышкы Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялаган өлкөлөргө Канада да кошулду. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 8-декабрда журналисттерге «Бул чечимибиз Кытай үчүн жаңылык болбойт» деп билдирди.

Ошондой эле ал «Бир нече жылдан бери биз бул өлкөдө адам укуктарынын бузулушуна кооптонуубузду билдирип келе жатабыз» деп белгиледи.

Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да адам укуктарынын сакталышына байланыштуу маселеден улам Олимпиаданын ачылышына алардан эч бир министр барып катышпай турганын айткан.

Бул иш-чарага катышпасын АКШ жана Австралия өлкөлөрү да жарыялашкан.

Вашингтон Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарына жасалган мамилесин геноцидге теңеп келет. Ошондой эле Батыш өлкөлөрү Бээжиндин Гонконг боюнча саясатын да айыптоодо.

Кытай бийлиги мындай дооматтардын баарын негизсиз деп атап, четке кагууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости