www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир суткада коронавирустан эки бейтап көз жумду

Өткөн суткада 66 бейтаптан коронавирус табылып, 74 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 41;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 16;
  • Ош облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Баткен облусу – 1.

Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 810го жетти. Анын ичинен 178 851и айыккан.

Тилекке каршы, оору эки адамдын өмүрүн алып, өлүм учурларынын саны ушуну менен 2 764кө жетти.

Азыркы тапта стационарда 365, ал эми амбулатордук шартта 347 адам дарыланып жатат.

Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 9 166 адам өттү, анын ичинен 4 511 адам биринчи дозаны, 4 655 адам экинчи компонентти алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 148 733 болду (экинчи дозаны алууга 928 916 адам жетишти).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости