www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канаданын эмгек рыногу жумуш күчүнүн жетишсиздигинен улам кризис коркунучунда турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта өлкөдө жумушчу күчтүн кыскарышына калкынын тез картаюусу себеп болуп жатканы айтылат. Эл каттоонун маалыматы боюнча, 2021-жылы Канадада пенсияга жакындап калган адамдардын саны жумушка орношкондордон ашкан. Бул Канаданын жумушчу күчүнүн жетишсиздиги жакынкы жылдарда начарлап кетиши мүмкүн деген кооптонууну жаратууда.

Канаданын статистика кызматы бул айырыма бир аз кыскарып, 2036-жылдан тарта кайрадан өсө баштайт деп божомолдоодо. Бирок, ошол эле учурда эмгекке жарамдуу канадалыктардын саны азайып баратканын эскертишти. Алардын божомолдоосуна караганда 2051-жылга чейин бул өлкөдө 85 жана андан жогорку жаштагы адамдардын саны үч эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Эмгекке жарамдуу калктын санын кыскарышы экономикалык жана фискалдык кыйынчылыктарды жаратып, бир топ тармакта жумушчү күчкө көбүрөөк муктаждыкты жаратат.

Учурда Канадада улгайган адамдарын көбү жок дегенде толук эмес убакытка иштешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости