www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Бекболот Талгарбеков менен Исмаил Исаковдун демилгеси менен “Коомдук кеңеш” деген уюм түзүлгөнү кабарланды. Өткөн айда “Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы” аттуу оппозициялык уюм уюшканы белгилүү.

Дагы башка бирикмелер пайда болуп, бир топ партиялар ишин жандантары айтылууда. Бул уюмдардын биринен сала экинчиси пайда болушу эмнени түшүндүрөт?

-- 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардын ыргагы менен Садыр Жапаров бийликке келип, жаңы Конституция кабыл алынып, жаңы парламент шайланып, бийлик структуралары реформаланды. Башкача айтканда, жаңы бийлик деле дээрлик легитимдешип бүтүп калды.

Бийлик алмашканынын экинчи жылында эл да баш-аягын жыйып, “эмне болуп атат? Кайда баратабыз? Жаңы бийлик кандай иштөөдө?” деген суроолорго жооп күтүп, кулагын түрүп турат. Бийлик да болгон аракетин жасап, дүйнөлүк шарт, каатчылыктарга карабай, экономиканы чөгөрүп ийбей, кырдаалды негизинен көзөмөлдөй алганын айтпасак болбойт.

Ошол эле учурда күнү-түнү бийликти мактап, эйфория болгон “дакансалар” эфирден соолуп, бийликке нааразы болгондорун саны артып баратканын көрүп атабыз. Ошондой шартта, коомдогу кайдыгер эмес адамдар, алардын бирикмелери баш көтөрүп, ар кандай оппозициялык кыймылдардын түзүлүп жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Бийликтин кемчиликтерин убагында айтып, сындап турбаса, бийлик жоопкерчиликти сезбей, элдин көйгөйү көзгө илинбей, мамлекеттик органдар бийлик башындагы кландардын гана кызыкчылыгына иштеп калары, акыры катуу нааразычылыктар жаралып, тополоңго айланарын биз соңку жаңы тарыхыбызда канча ирет көрдүк.

Ошондуктан, коом ичинде ачык-айкындуулук сакталып, ирип кеткенге жеткирбей алдын алып, айтып туруучу оппозиция сөзсүз керек. Бул тууралу эл ичинде да, бийлик тарабында дагы талаш жок. Баары “опозиция болуш керек” дешет да, анан бирок, ошо боло келгенде эле жактырбай баса калмайлар башталганы жаман.

-- Береги эки саясый топтун кайсыны күчтүү?

-- Талгарбековдун акылы менен тажрыйбасы, Исаковдун көкбеттиги берки оппозициядан түбөлүк өйдө.

-- Оппозиция ошондой алдуу, алсыз, айлакер, жагымпоз болот эмеспи. Булар, биринчиси “оппозициябыз”, экинчиси “биз кеңеш эле беребиз” деген позицияларын билдиришти. Бул уюмдар тууралуу кандай ойдосуң?

-- “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” дейт эмеспи. Андыктан, азыртадан эле “кимиси кандай торолот, кайсынысы тез эле жоголот?” деп жоромолдобой турганыбыз оң. Эрте. Ал эми кимдер топтолду, курамы кандай (?) деп иликтеп көрсөк болот.

Менимче, азыр бул уюмдарга ар кандай көз караштагы, негизинен бийликтин кылып аткан иштерине ичи чыкпаган адамдар топтолуп жатышат. Азыр оруска ыктагандар жана Америка менен Батышты жактагандардын баары эле аралаш топтолуп алышты.

Себеби, оппозициядан түңүлгөн, коомчулуктан колдоо дээрлик жок, кошулчулардын саны аз, ким келсе да кошушканга ыраазы. Келечегинде иргелип, ич ара далай бөлүнүп-жарылып, кайра кошулуулар болот. Негизи, “эшегине жараша тушагы” дегендей, оппозициянын кандай болору: күчтүү же алсыз болушу бийликтин ишине, анан дагы геосаясый кырдаалга да абдан тикелей көз каранды.

Азыркы чыгып аткан уюмдар, “кеңеш бергени эле түзүлдүк” дегенине карабай, алар деле түпкүлүгүндө “таза эле оппозициялык уюм” деп айтаар элем. Мындан ары дагы көптөгөн оппозициялык кыймылдар жараларын жоромолдосо болот.

Негизи бийлик тың болуп, жакшы иштеп атса, анда күчтүү оппозиция жаралышы кыйын. Бийлик шалтурук, ууру болсо, эл жакырланса, оппозицияны колдогондор арбып, бул жээк күчтөнүп кетет. Сырткы күчтөрдүн активдүүлүгү да ички саясый кырдаалды чыңалтып, керек болсо жардыртып ийиши да толук мүмкүн.

Булак: Азия News гезити

Последние новости