www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

“Кумтөрдөгү” мыйзам бузууларга каршы чыгып, күнөөсү далилденбесе дагы 11 жарым жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимде камакка алынган Садыр Жапаровдун адилетсиздикке кабылганына  кайдыгер карабагандар четтен чыгат экен. Айтайын дегеним, паспорту боюнча Канаданын атуулу, теги Кыргызстандык  жазуучу Максим Корсаков (Михаил Бубель)   АКШнын президенти Дональд Трампка, БУУнун генералдык секретары Антонио Гутеррешке жана Кыргыз Республикасынын президенти  Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, төмөнкүлөргө токтолду.

Урматтуу кыргызстандыктар мен кичи мекеним боюнча сиздер менен жердешмин. Менин балалыгым жана жаштык кезим Жалал-Абадда өткөн. Жалал-Абаддагы №1 мектепти күмүш медаль менен аяктап,  Фрунзе политехникалык институттан билим алып, инженер-куруучулук кесипке ээ болгом. Кыргызстанда жашаган 34 жылда бейиштей болгон  Кыргызстандын баарын кыдырып чыккам. Бир сөз менен айтканда туулуп өскөн жерге болгон кусалык мени чыгармаларды жазууга түрткү берип, жазуучу болууга шык берген.

 Жакында мага Кыргызстандан белгилүү саясатчы Садыр Жапаров түрмөдө деген маалымат келип түштү. Мен бул кабарды уккандан кийин кайдыгер боло алган жокмун. Себеби мен да убагында жалган жалаа менен Торонтодогу “Дон Жэйл” деген түрмөдө жаткам. Ал адилетсиздиктин курмандыгы болгон үчүн эки мамлекеттин  президентине  жана БУУга кайрылуу жасайын деген  чечимге келдим. Мен Садыр Жапаровдун сотунун маңызын чечмелебей эле коёюн , аны баарыңыздар менден жакшы билесиздер. Бирок мен бир нерсени жакшы билем, Садыр Жапаровго коюлган күнөө анан саясий каршылаштарынын жалаасы!  Ошондуктан биз Садыр экөөбүз “бир тууганбыз”, биз жалган арызчынын курмандыгыбыз.

Мен аны жакшы билбесем да, көптөн бери Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгүнө көз салып жүрөм. Анын айткандары, көтөргөн маселелери, идеялары анын патриоттук духун көрсөтүп турат. Жакында эле соцсеттерде Садыр Жапаров жылдын мыкты саясатчысы деп таанылды. Бул нерсе Кыргызстандын эли анын ак экендигине ишенгендигин далилдеп турат. Мен Садыр Жапаровду түрмөдөн эмес, саясаттан көргүм келет, ошондо ал элге  көп пайда алып келмек. Мен анын өздүгүн изилдеп көрүп, ал сатылбаган, чынчыл, ар намыстуу, Кыргызстандын өсүп, өнүгүшүн ойлогон жан экендигине көзүм жетти.

Менин жогоруда айткандарымдын негизинде, Кыргызстандын  соту Садыр Жапаровду жакын арада актайт деген үмүтүм чоң.

Улуу урматтуу президент Сооронбай Шарипович көпчүлүк эле өлкөлөрдүн соттору катачылык кетиришет, тилекке каршы бул чындык.

Мен азыр сиздин президенттик шайлоодо утуп чыгышыңыз менен Кыргызстандын элдеринин тагдырында жаңы эпоха орнойт деп ишенем: акыйкаттуулуктун жана жакшылыктын доору.

Менин петицияма көңүл буруп коюшуңузду көптөн көп суранам жана Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышына салым кошушуңузду суранам.

 Терең урматтоом менен, жазуучу Максим Корсаков (Михаил Бубель)

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости