www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канадага агылган акчалар

2021-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан чыккан чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16%га көбөйүп, 479.1 млн. долларды түзгөн. Мындай маалымат улуттук статистикалык комитет тарабынан жарыяланган. Ошол эле учурда, өлкөдөн чыккан чет элдик инвестициялар республикага тартылган инвестициянын деңгээлинен 367 млн. долларга ашып түштү.

Экономист.кg кабарлагандай, январь-март айларында түздөн-түз келген чет элдик инвестициялардын агымы 112.1 млн. долларды гана түзгөн. Кыргызстандан чыккан инвестициянын эң чоң үлүшү – Канадага (68%), Кытайга (20%) жана Түркияга (1.7%) туура келет.

Чет өлкөгө кеткен инвестициялардын негизги агымы (болжол менен 94%) өндүрүш ишканаларынан, геологиялык чалгындоодон жана тоо-кендеринен байкалган. Ошол эле учурда өндүрүш ишканаларынан чыккан инвестициялардын агымы 12 эсе көбөйсө, геологиялык чалгындоо тармагынан, тескерисинче, 6.5 эсеге, ал эми тоо-кен өндүрүшүндө 4.5 эсе азайган.

Булак: Азия News гезити

Последние новости