www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов байыркы жер титирөөлөрдү изилдөө учурунда табылган өзгөчө гранит таш тууралуу билдирди. Анын айтымында, казуу иштеринде табылган бул гранит таш бир нече миң жыл мурда болгон күчтүү жер титирөөнүн изин сактап калган.

Таш жер кыртышындагы жараканын так үстүндө жайгашып, катуу силкинүүнүн натыйжасында анын үстүңкү бөлүгү капталга жылган. Бул көрүнүш жер титирөө учурундагы кыймылдын канчалык тез жана күчтүү болгонун далилдейт. Окумуштуу жер титирөөлөр олуттуу табигый коркунуч экенин дагы бир жолу эскертти.

Эске салсак, Кыргызстан  Тянь-Шань тоо системасынын аймагында жайгашкан аймак, бул жерде сейсмикалык активдүүлүк жогору. Тарыхый маалыматтарга караганда, бул жерде бир нече жолу күчтүү жер титирөөлөр катталган.

1911-жылы 4-январда болуп өткөн Кемин жер титирөөсү Чүй жана Ысык-Көл аймагында, ошондой эле учурдагы Алматы шаарында күчтүү жер титирөө катталган. 1946-жылы 2-ноябрда Чаткал аймагында жер титирөөнүн күчү болжол менен 7,5 баллга жеткен. 1992-жылдын 19-августунда Токтогул аймагында 7,2 баллдык жер титирөө катталган.

Мындай 5-6 баллга жеткен же андан ашкан жогорку күчтөгү жер титирөөлөр акыркы ондогон жылдарда бир нече жолу катталып келет.

Абдрахматовдун айтымында, табылып жаткан археологиялык материалдар — мисалы, мындай гранит таштар — биздин аймакта мындан миңдеген жыл мурун да катуу жер титирөөлөр болгонун тастыктайт. Бул табылгалар тарыхый сейсмикалык активдүүлүктү изилдөөгө жаңы маалыматтарды алып чыгууга болот.

Сейсмология институтунун жетекчиси жер титирөөлөрдүн табигый коркунучу тууралуу дагы бир жолу эскертти. Ал белгилегендей, азыркы Кыргызстанда да сейсмикалык активдүүлүк жогору болгон аймактар бар жана эл жер титирөөлөргө даяр болууга тийиш.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жер титирөөлөр аймакты бир нече жүздөгөн же миңдеген жылдар бою кескин өзгөрткөн, жер кыртышын жылдырган күчтүү геологиялык процесстердин натыйжасы болуп саналат.  

Последние новости