www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Токтом орто кесиптик билим берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салат. Билим берүү уюмунун уставы типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат жана уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилет.

Билим берүү уюмунун уставында ушул типтүү уставга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка жоболор да камтылышы мүмкүн.

Последние новости