www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунда 16 жаштагы өспүрүмдү бычактоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-январь күнү милициянын 102 кызматына аталган конуштун тургуну кайрылып, өспүрүм баласын бейтааныш бирөөлөр үйүнүн жанынан бычактап кетишкенин билдирген.

Өспүрүм ооруканага жеткирилген, баштапкы медициналык маалыматтарга ылайык, анын жамбашына, белине жана сол колуна бычак урулган жаракаттары болгон.

Бул факты боюнча Ленин РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Ээнбаштык») менен кылмыш ишин козгоп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 23 жаштагы эки адам — И.А. жана Т.Т. кармалып, камакка алынышты. Экөө тең Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Последние новости