www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Шүкүрбек Эркебаев орусиялык журналист Владимир Соловьёвдун айрым билдирүүлөрү боюнча пикир билдирди. Ал билдиргендей, Соловьёвдун сөздөрүн бир нече сааттык телеберүүдөгү эфирлердин жүрүшүндө айткандарын индивидуалдуу оюн катары кабыл алуу керек.

Эркебаев белгилегендей, Соловьёв — тележурналист, ал үчүн жооп жакында кесипкөй медиа айдыңында берилүүсү мүмкүн. Ал эми ал айткан мындай ой-пикирди жогорку мамлекеттик кызматкер же депутат айтса, анда расмий деңгээлдеги жооп чаралар белгилүү мыйзам алкагында жооп берилмек деген пикирде.

— Орусиядагы шовинисттик көз караштагы журналист Владимир Соловьёвдун акыркы билдирүүлөрү коомчулукта кеңири талкууга түштү.

Бирок бул өңдүү ашкере, эмоционалдуу сөздөрдү мамлекеттер аралык мамилелерге көлөкө түшүргөн олуттуу позиция катары кабыл алуу туура эмес. Орусия Кыргызстан үчүн душман мамлекет эмес. Тескерисинче, Орусиянын президенти Владимир Путин бир нечеч ирет белгилегендей, Кыргызстан менен Орусия — стратегиялык өнөктөш жана ишенимдүү жакын мамлекеттер.

Эл аралык саясатта ашыкча эмоцияга алдырбай, этият жана салмактуу мамиле кылуу зарыл. Орусия бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлдеги держава катары НАТОго мүчө өлкөлөр менен олуттуу тирешүүдө. Анын күчү жана таасири аркылуу көптөгөн чакан мамлекеттер тынч жашоосун сактап, эл аралык аренада эсепке алынып келет.

Эгер Орусиядай держава алсырап же жок болуп кетсе, анын ордун башка державалар баспайт деп ойлогондун өзү чоң жаңылыштык. Тескерисинче, жаңы күчтөр пайда болуп, алар Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттерге стратегиялык өнөктөш эмес, үстөмдүк жүргүзүүчү тарап катары мамиле кылышы мүмкүн. Европа өлкөлөрүнүн айрымдары өздөрүнүн баалуулуктарын, мыйзамдарын таңуулап, ички иштерге чейин кийлигишүүгө аракет кылышы да ыктымал.

Мындан тышкары, Кудай сактасын Орусия жоголсо, биринчи кезекте эле коңшу мамлекеттердин аймактык жана экономикалык кызыкчылыктары ойгоноору жашыруун эмес. Мындай жагдайлар тарыхта буга чейин эле болгонун баарыбыз жакшы билебиз.

Ошондуктан бир шовинисттик көз караштагы журналисттин айтканы үчүн сырткы саясатты курчутуп, “эмнеге жооп бербей жатат” деп ызы-чуу салуунун зарылдыгы жок. Мамлекеттер аралык мамиле эмоция менен эмес, узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктын негизинде жүргүзүлүшү керек.

Кыргызстандын жолу — сабырдуу, салмактуу жана прагматикалык саясат.

Орусия держава катары күчтүү болуп турганы Кыргызстан үчүн коопсуздук жана өнүгүү жагынан пайда алып келет. Дал ушундай шартта келечекте күчтүү, өз алдынча жана кадыр-барктуу Кыргыз мамлекетин курууга мүмкүнчүлүк бар деп ишенем, - дейт коомдук ишмер Шүкүрбек Эркебаев.

 

Последние новости