www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кулжа районунда куралдар текшерилип, 2 травматикалык тапанча алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кара-Кулжа районунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды аныктоо, ок атуучу куралган байланышкан кырсыктардын алдын алуу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында “АРСЕНАЛ” аталышындагы алдын алуу рейддик иш-чарасы жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында куралды сактоо жана кайра каттоо тартиби бузулгандыгы үчүн 2 даана травматикалык тапанча убактылуу РИИБдин карамагына алынды. Ошондой эле, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин 3 жаран өз ыктыяры менен үч даана сайсыз мергенчилик куралды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Иш-чаранын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытына өзгөчө көңүл бурулуп, үйдө чыр чыккан учурда куралды кармоо, колдонуу жана сактоо эрежелерин бузуу үй-бүлө мүчөлөрүнө оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн экендиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ош ОИИБи жарандарга эскертет! Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы