www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдан бери Каспий куурун консорциумунун (КТК) логистикасына коркунуч жаралып, ишкер чөйрөдө тынчсыздануу күчөдү. КТК инфраструктурасына болгон Украин тараптан жасалган дрон чабуулдары казак мунай экспортунун 80%ын камсыздаган негизги багытты үзгүлтүккө учуратууда.
Мына жакында эле 2026-жылдын 13-январында Кара деңизде украин дрондору төрт мунай танкерине кол салган. Алардын экөө – “Matilda” жана “Delta Harmony” “КазМунайГаздын” түзүмдөрү тарабынан Теңиз жана Карачаганак кендеринен мунай ташуу үчүн ижараланган.
Натыйжада 2026-жылдын башында өндүрүш 35%га кыскарган. Эксперттер зыянды 2 млрд долларга чейин баалап, камсыздандыруу жана фрахт чыгымдарынын өсүшү экспортту кооптуу кылганын белгилешет.
Казакстан болсо Киевден так кепилдик ала элек. Бул өлкө ичинде нааразылыкты күчөтүүдө. Айрым талдоочулар экономикалык басым саясий кесепеттерге да алып келиши ыктымалдыгын айтышууда.