www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күн мурун АКШ Райымбек Матраимовдун иши боюнча комментарий берген. Өз сөзүндө АКШ Матраимовдун "өлкө бюджетинен ири суммадагы акча уурдаган" деп айыпталган ишинде дагы бир нече жаңы адамдардын катыштыгы бар деп, иш дагы жакшы иликтенип, Райымбек Матраимов жазага тартылуусу зарыл деп айткан. Анын мындай билдирүүсүнө Канат Азиз төмөндөгүдөй комментарий берди:

"АКШ Райымбек Матраимов боюнча өз оюн билдирип, аны камалсын дейт. Кызыктуусу, биз, эгемендүү, көз карандысыз мамлекет болуп эсептелип туруп, башка өлкөлөрдү ишибизге кийлигиштирип атабыз. 

Ошончолук биздин мамлекеттин ишине ачык кийлигишип жаткандан кийин: “Азаттык” менен “Клооптун» артында биз турабыз, Матраимов боюнча иликтөөнү биз өткөрүп аларга жарыялатканбыз”, - деп анысын деле айтса болмок.  

Соттук системага кийлигишип жатканы, Райымбек Матраимов болобу, же дагы башка бирисиби бул такыр эле туура эмес. Аргентина президенти “Только в одной стране не будет революции и переворотов, и это США. Причина кроется только в том, что, там нет Американского посольства”, - деп айткан. Маанисин түшүнүп жатасыздарбы?! 

Башка мамлекет болуп, экинчи мамлекетке оюн билдирсе болот. Кандайдыр бир окуяга комментарий берсе болот. Ошол эле 4-октябрда болгон шайлоого “жаман өттү, туура эмес өттү, мыйзам бузуулар болду” деди. Азыр өз өлкөлөрүндө эмне болуп жатат? Трамп менен Байден жарышып, “Мени бул жерден алдап кетти, тигил штатта мыйзам бузуулар болду” деп Трамп кызылдай кыйкырып жүрөт. Ачык айтсак, алардын биздин өлкөнүн ичиндеги окуяларга андай ойлорун билдирүүгө негиз да, укук да жок", - деди белгилүү жактоочу Канат Азиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости