www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Бегалиев Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды. Мындай чечим федерациянын жетекчилеринин 12-майдагы отурумунда кабыл алынган.

Буга чейин аталган кызматты мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу аркалап келген. Ал 2018-жылдын февраль айында аткезчиликке шектелип Казакстанда кармалып, камакка алынган болчу.

Ал эми Ош шаарынын акчалуу олигархы, Жалил Атамбаев грек-рим күрөшү боюнча КРнын федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды. Мурда бул кызматты Марат Назарбеков аркалап келген. 

Ошентип Канат Бегалиев менен Жалил Атамбаевдин иши жүрүшүп ити чөп жей баштады. Эми бири, аркы бетке өтүп, "сиз биздин опорабыз", экинчиси "намыс менен спортту таластыктардан талашпагыла" деп өпкөсүн колтуктабай, кыргыз үчүн кызматын кыла берсе...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости