www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Эшатов: «Бензин дагы 5-6 сомго кымбаттайт»

- Бардык товарларга баа өсүп жаткан учур. Айрыкча күйүүчү-майлоочу майдын наркы кескин көтөрүлдү. Дагы канчага өсүшү мүмкүн?

- Ооба, күйүүчү-майлоочу майдын баалары кымбаттады. Буга дүйнөлүк рыноктогу абал, нефтиге болгон баа таасир этип жатат. Муну башынан бери эле айтып келе жатабыз. Учурда дизель 58 сом, АИ92 56-57 сом, АИ95 63 сомго өстү. Дагы 5-6 сомго чейин көтөрүлөт. Дизель отуну болсо андан дагы жогорулайт. Биз, нефтетрейдерлер ассоциациясы баа саясатына жооп бербейбиз, коомдук уюмбуз. Бааларды көзөмөлдөп, же таасир эте албайбыз. Майларды ташып келген компаниялардын кызыкчылыгын коргойбуз. Ал эми бааны рынок аныктайт.

- Өлкөдө май тартыштыгы барбы?

- Кыргызстанга бир жылга 1 миллион 400 мин тонна күйүүчү-майлоочу май керектелет. Уюм болжолдуу бир айга алдын ала прогноз бере алат. Ушуга ылайык, азырынча таңкыстык жок. Аймактарда дагы май жетиштүү. Баткенде үч жума мурун кичине жетишсиз болуп жаткан. Маселен, мурун бир май куюучу жайда 4 машинага мунай сатылса, ошол учурда азайып, 3 унаадан кийин түгөнүп, май жетпей калган учурлар болуп жатты. Бирок азыр калыбына келди.

- Жакынкы кошуна мамлекеттердеги баа саясаты кандай?

- Күйүүчү-майлоочу майдын баасынын кескин жогорулап кетиши дүйнөлүк тенденция. Бардык жерде кымбаттады. Салыштырып көрө турган болсок, Казакстанда башка коңшу өлкөлөргө караган да май арзан. Биз майды Россиядан алып келебиз. Муну барыбыз билебиз. Россияда дагы нарк өстү. Ошого карабастан бизге баштагы келишимдин негизинде Россия кошумча карк салыгы жок ташыганга мүмкүнчүлүк берүүдө. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, эки өлкөнүн ортосунда ушундай келишим бар. Жума сайын Россиядагы майдын дүң бааларын аныктайт. Кыргызстанда баалар дагы ушуга жараша коюлат.

- Жогоруда айтканыңыздай, бизге салыштырмалуу Казакстанда баа арзан турбайбы. Бул өлкөдөн ташуу мүмкүнбү? Парламентте дагы ушул маселени көп көтөрүшөт...

- Казакстандан алсак деле баалары ушундай болот, чоң айырмачылык сезилбейт. Быяктан май алсак, бизде бензин итбекер болот деген болбогон нерсе. Себеби, алар өздөрүнүн ички керектөөсүнө, жарандарына, элине жеңил болушу үчүн өндүргөн майды өз наркынан арзан беришет.

Ал эми башка мамлекеттерге сата келгенде дүйнөлүк абалга эле ылайыкташтырат. Тактап айтканда, Кыргызстан сатып алууга кызыкдар болсо, кадимки базар баасы менен эсептешет. Ошон үчүн бизге Россиядан эле алган ыңгайлуу.

«Казакстандан ташыбайсыңарбы?» деген депутаттарда балким так маалымат жок же башка максаттарды көздөшүт.

- Баанын өскөнүнө байланыштуу Казакстан менен Токмок шаарындагы көзөмөл бекетинде аткезчилик күч алдыбы?

- Бул калп, анткени казактардын өздөрүндө күйүүчү-майлоочу май жетишсиз болуп жаткандыктан, өздөрүнүн чек араларын бекем жаап койгон. Азыр контрабанда чыкпай эле турат. Мурда болуп келгендей, желим бөтөлкөлөр менен ташып келгендер болуп жатат. Бирок алар көп алып келе алышпайт, массалык түрдө, ири көлөмдө ташый алышпайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости